Биз социалдык тармакта

Ала-букалык тургун: "Пенсиядагылар жаштарга орун бербей жатышат" (видео)

Кечээ, 25-октябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы тургундардын бири пенсия курагындагылар кызмат орундарын бошотпой жатышкандыгын айтты.

"Пенсиядагылар жаштарга орун беришпейт. Мисалы, мугалимдерде деле бар, башка тармактарда дагы бар. Бул карап көрсө боло турган маселе",- деген тургун жаштарга жумуш табуу кыйын экенин айтты.

Ошондой эле Агартуу министрлигинин билдиришинче, айлык акы көтөрүлгөндөн кийин көпчүлүк мугалимдер иштөөгө кызыкдар жана аларды Эмгек кодексине ылайык, жумуштан кетирүүгө болбойт.

Президент бул жаатта Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү керектигин билдирди.

"Эгерде жаштар кезек күтүп турса, ал эми улуу муундагылар өз эрки менен кетмейинче аларды жумуштан ала албасак, анда Эмгек кодексин өзгөртөлү. Жогорку Кеңеш менен сүйлөшкүлө, кол коюп чечип беребиз",- деди өлкө башчы.

Ала-Букалык тургун президентке: "Пенсиядагылар жаштарга орун бербей жатат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан