Ош облусунда Ош – Кара-Суу унаа жолу 4 тилкелүү болуп, туурасы 22 метрге чейин кеңейтилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жалпы узундугу 18 чакырым 690 метр болгон жол тилкеси толугу менен жаңыланат.
"Жолго эки катмар асфальт төшөлүп, эки тарабына туурасы 3 метр болгон тротуар жана веложолдор курулат. Жеринде 120 атайын техника, 150 кызматкер иш алып барууда. Ошондой эле долбоордун алкагында жалпы 4 көпүрө куруу каралган. Учурда алардын үчөө толугу менен курулуп бүтүп, бир көпүрөдө курулуш иштери улантылууда",- деп белгиленди маалыматта.