Бишкекке 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда мэриядан билдиришти.
Маалыматка карганда, мындай чечим сууктун эрте түшкөнүнө жана электр тармагына түшкөн басымды азайтуу жаатында кабыл алынганы маалым болду.
Мэрия шаар тургундарынан жылуулук системин ишке киргизүү учурундагы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранды.