Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда анын санаалаштары социалдык тармактардан билдирип, көңүл айтышууда.
Белгилей кетсек, үй-бүлөнүн кенжеси болгон Роза Айтматова 1937-жылы Москва шаарында, 8-мартта жарык дүйнөгө келген. Коомдук ишмер, окумуштуу, публицист, Кыргызстандагы аялдар кыймылынын өнүгүшүнө салымын кошкон инсан болгон.