Газа секторунда нөшөрлөгөн жаандан улам 70 миңге жакын чатырды суу каптады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдиришти.
Маалыматка ылайык, болгону 12 сааттын ичинде жаандан улам 70 миңге жакын үй-бүлө баш калкалап жаткан чатырды суу каптады.
"Табигый кырсыктын кесепетинен ондогон дубалдар урап, адамдар жаракат алышкан. Ошондой эле жарака кеткен, кулап калуу коркунучу бар имараттар кырдаалды дагы да курчутууда. Бүгүнкү күндө кырсыктан келтирилген алгачкы чыгым 3 миллион доллар деп бааланууда. Кырсык палестиналыктардын абалын ого бетер оорлотту, үй-жайынан ажыраган миңдеген үй-бүлө, эми кыштын суугу менен кошо жаан-чачындын азабын тартууда",- деп белгиленди маалыматта.