Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ай участогунда жаңы сугат скважинасынан сыноо иретинде суу чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, скважинанын тереңдиги 130 метрди түзөт. Аны ишке киргизүү ирригация тармагын жакшыртууга жана дыйкандарды сугат суу менен өз убагында камсыздоого багытталган.
Жаңы скважинанын жардамы менен Кызыл-Ай айылындагы 40 гектардан ашык айдоо жерин сугарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматы капиталдык салымдар беренесинин эсебинен район боюнча жалпысынан 7 скважинаны ишке киргизүүнү пландаштырууда.