Бишкекте 1995-жылы туулган Сергей Щербаков аттуу жаран изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарлашты.
Маалыдалгандай, жаран 1-ноябрда, болжол менен саат 5:30да үйүнөн Suzuki Jimny үлгүсүндөгү боз түстөгү унаа менен чыгып кеткен. Милицияга анын досу кайрылып, аны табууга жардам сурады. Анын айтымында, Сергей тоолуу аймакка баруу үчүн Ош облусун көздөй кеткен.
Милиция видеокөзөмөлдөөчү камераларды карап, келген маалыматтарды текшерип жатканын билдирди.
"Жарандын жүргөн жерин аныктоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Учурда "Коопсуз шаардын" видеобайкоолорунан Ошту көздөй бир киши боз түстөгү унаа менен чыгып кеткендиги аныкталды. Издөө иштери тынымсыз жүрүп жатат",- деп белгиледи мекеме.