Биз социалдык тармакта

Максат Кунакуновдун жубайы президенттен күйөөсүнүн камалышы боюнча жардам сурады

Максат Кунакуновдун жубайы Кенже Кунакунова президент Садыр Жапаровго социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, жолдошунун камалышы жана үй-бүлөсүнүн башына түшкөн жагдай боюнча жардам сурады.

Анын айтымында, Максат Кунакунов сегиз баланын атасы. Анын камакка алынышы үй-бүлөсүнө, өзгөчө балдарына оор таасирин тийгизүүдө. Анткени жолдошу балдарынын баскан-турганын, кайда жана ким менен жүргөнүн дайыма көзөмөлдөп турган.

Ал күйөөсүнүн камалышына Абдыманап Бегишев жана Улукбек Брысбеков аттуу адамдар себепкер болгонун айтууда.

Анын билдирүүсүндө, аталган эки адам Максат Кунакуновдун ишенимине кирип, аны алдап, үй-бүлөсү жашаган үйдү жана бизнесин нотариалдык жол менен өздөрүнө өткөрүп алышкан. Муну менен чектелбестен, кийин аны каматып салышкан.

Кенже Кунакунов учурда тергөө амалдары адилетсиз жана бир тараптуу жүргүзүлүп жатканын белгилеген. Ошондой эле бул ишке Манап деген ат менен белгилүү адамдын таасири бар экенин айткан. Анын сөзүнө караганда, аталган адамдын айынан Кунакуновго окшоп алданып, камакка алынган адамдар СИЗО-1де көп.

"Урматтуу Президент! “Манап” сиздин атыңызды сатып, президенттин айланасындагы адамдарга жакынмын деп, тергөө иштерине таасирин тийгизип жатат. Манап менен Улукбек өздөрү алып алган акчаны Максаттан өндүрүп алууну көздөп, аны мыйзамсыз каматып салышты", - деген ал кайрылуусунда.

Ошондой эле ал күйөөсү үй-бүлөсүн жана балдарын финансылык тобокелчиликке салып, өзү жашап жаткан үйүн жана үй-бүлөлүк бизнесин күрөөгө коюшу мүмкүн эмес экенин белгилеген.

Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, күйөөсүнүн ишине көңүл буруп, жардам берүүнү өтүнгөн.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз да атасыз. Сиздин да башыңыздан ушундай күндөр өткөн. Менин үнүм эч жакка жетпей койду. Бардык үмүтүм сизде. Мага жардам бересиз деп ишенем", - деген Кунакунова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан