Бишкек шаарында 12-ноябрдан тартып №36 автобус каттамы эки өз алдынча каттамга бөлүнөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин жарым айланма схема менен каттап келген №36 автобус мындан ары №36 жана №39 каттамдары болуп иштейт.
Өзгөртүү шаардык каттамдар тармагын оптималдаштыруу, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү жана коомдук транспорттун ишин жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.
Мэриядан белгилешкендей, шаардагы автобус каттамдарын оптималдаштыруу иштери улантылат.