Иранда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аба-космостук күчтөрүнө таандык жаңы жер алдындагы "ракеталык шаар" ачылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдашты.
Маалыматка ылайык, комплексте баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле аларды учуруучу жабдуулар жайгашкан. Ачылыш аземине өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Али Абдоллахи жана сакчылар корпусунун аба-космостук күчтөрүнүн кол башчысы Сейед Мажид Мусави катышты.
Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Калибаф жаңы комплекстин ачылышын өлкөнүн душмандарына көз карандысыздыгын, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоого болгон чечкиндүүлүгүн көрсөтөрүн белгилеген.
Төраганын айтымында, бул ири долбоорду ишке ашырууга окумуштуулар, инженерлер жана аскер кызматкерлери көп жылдык эмгегин жумшашкан.