Бүгүн, 11-ноябрда президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, "Электро" чокусунда тоңуп каза тапты делген Амир Кунакуновдун өлүмүнөн кийин ӨКМдин ишине сындар байма-бай айтылууда.