Биз социалдык тармакта

Депутат Камила Талиева аутизми бар балдарды эрте аныктоо системин түзүүнү сунуштады (видео)

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева аутизм спектринин бузулушу, Даун синдрому жана өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдарды эрте аныктоо жана колдоо системин жакшыртуу маселесин көтөрдү.

Депутаттын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарында аутизм жана өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын саны боюнча көрсөткүчтөр ар түрдүү. Айрым маалыматтарда 300гө жакын деп берилсе, айрымдарында 380 бала каттоодо турганы көрсөтүлгөн.

"Бул, албетте, реалдуу абалды толук чагылдырбайт. Аймактарга барганда мындай өзгөчөлүктөрү бар балдардын ата-энелери менен көп жолугуп, көйгөйлөрүн угуп жатабыз. Расмий эмес маалыматтар боюнча, аутизм спектриндеги жана тили кечиккен балдардын саны бир нече эсе көп, атүгүл 3 миңден ашат деген маалыматтар бар. Бирок бул расмий статистика эмес",- деди ал.

Камила Талиева балдардын өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөрдү эрте аныктоо системи жетишсиз экенин белгиледи. Анын айтымында, аймактарда скрининг жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй, айрым ата-энелер баласынын өзгөчөлүгүн мектеп курагына келгенде гана билип калышат.

Депутат Камила Талиева аутизми бар балдарды эрте аныктоо системасын түзүүнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан