Биз социалдык тармакта

Сүйүнчү! Ошто үч эм жарык дүйнөгө келди

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүндө 3-ноябрда үч эм жарык дүйнөгө келди. Алардын экөө кыз, бирөө уул экенин аталган оорукананын башкы дарыгери Атабек Жумалиев билдирди.

Маалым болгондой, 34 жумалык мөөнөттө төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу, бүгүн, 11-ноябрда энеси менен бирге ооруканадан чыгарылды.

Үч эмдин төрөлүшүнө байланыштуу үй-бүлөгө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан 50 миң сом акчалай жардам жана белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын тогуз айында аталган төрөт стационарында 6000ге жакын ымыркай төрөлүп, алардын арасында 1 төрт эм, 4 үч эм, 112 эгиз төрөлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан