Биз социалдык тармакта

Бишкекте алты өлкөнүн курулуш министрлери жолугушту

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте “Борбордук Азия – Кытай” курулуш министрлеринин экинчи конференциясы өтүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жыйынга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тармактык министрлери катышууда. Анда жер титирөөгө туруктуу имараттарды куруу, жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо, курулуш материалдарын өндүрүү, инвестиция тартуу жана тармакка санариптик технологияларды киргизүү маселелери талкууланууда.

Ошондой эле жыйындын алкагында 2027-2028-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планын кабыл алуу маселеси каралып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан