Кечээ, 11-ноябрда Франциянын Париж шаарында Елисей сарайынын алдында ардактуу күзөттүн эки кызматкери эстен танып жыгылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя Франциянын президенти Эммануэль Макрон расмий иш сапар менен келген Словакиянын президенти Петер Пеллегринини тосуп алып жатканда болду.
Видеодон катарда турган гвардиячылардын бири тең салмактуулугун жоготуп, кылычы жерге түшүп, француз лидеринен бир нече кадам алыстыкта жерге кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Макрон жана администрациянын бир нече кызматкерлери анын абалын билүү үчүн дароо аны көздөй барышкан.
Бир нече мүнөттөн кийин экинчи күзөт кызматкери да эсинен танып жыгылган.