Биз социалдык тармакта

Александровка айылындагы жол кырсыгында айдоочу каза болду

Бишкек - Кара-Балта унаа жолундагы жол кырсыгы боюнча Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы маалымат берди.

Маалым болгондой, Александровкадагы үрөй учурган жол кырыгы кечээ, 11-ноябрь күнү саат 22:40 чамасында катталды. Анда Chevrolet Сobalt үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2001-жылы туулган М. уулу Т. күн батыштан күн чыгышты көздөй катуу ылдамдыкта унаа башкарып бара жатып кырсыкка кабылды.

Кырсыктын кесепетинен унаа жолду бөлүп турган тосмону сүзүп, айдоочу ошол жерден көз жумганы маалым болду.

Ал эми 30 жаштагы жүргүнчү жаракат алып ооруканага жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан