2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын жалпы көлөмү 274,1 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын 250,8 миллион доллары КМШ өлкөлөрүнөн, 23,3 миллион доллары алыскы чет өлкөлөрдөн келген.
"Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 9,4 миллион долларды түзүп, анын 3,3 миллион доллары КМШ өлкөлөрүнө, 6 миллион доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн",- деп айтылат маалыматта.