3-ноябрда Ош облусунда үч эм төрөгөн эне кечээ, 11-ноябрда президент Садыр Жапаровго үй маселеси менен кайрылды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Анын айтымында, учурда өзүнүн жана үч эм балдарынын ден соолугу жакшы. Балдарына Айша, Билал жана Аяна деген ысымдарды беришкен.
"Мен Өзгөн районунун Семиз-Көл айылынын келини болом. Азырынча жашай турган өз үйүм жок, ата-энемдин үйүндө турам. Айылда кайын агам жана абасыным менен чогуу бир үйдө жашайбыз. Менин чоң үмүтүм - өз алдыбызча үйүбүз болсо деген тилек. Буга чейин үч эм, төрт эм төрөгөндөргө үй берилген. Мага дагы үй берилип калса деген ниетим бар",- деди ал.