2027-жылдын 1-январынан тарта айрым категориядагы пенсионерлерге берилүүчү кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулатылат. Бул максатта республикалык бюджеттен кошумча 7,5 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, кошумча каражат I, II жана III топтогу майыптыгы бар адамдарга, Ооган согушунун катышуучуларына жана Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкандарга берилүүчү төлөмдөрдү көбөйтүүгө жумшалат.
Мындан тышкары, баатыр энелерге пенсиясынан тышкары төлөнүүчү кошумча каражаттын өлчөмү 1000 сомдон 5000 сомго чейин жогорулатылат.
Ошондой эле багуучусунан айрылган балдардын пенсиясынын базалык бөлүгү да жогорулатылат.
"Маалым болгондой, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү бар. Эгер бала бир багуучусунан айрылса, ага төлөнүүчү базалык бөлүк 3 миң сомдон 5 миң сомго, ал эми ата-энесинен (эки багуучусунан) ажыраган балдар үчүн 6 миң сомдон 8 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Мындан тышкары, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү да төлөнөт",- деп түшүндүрдү Бактияр Алиев.