Испанияда 24 саатка созулган жалпы улуттук иш таштоо учурунда өлкөнүн ар кайсы аймактарында 100гө жакын адам кармалды. Бул тууралуу Mundo басылмасы жазды.
Иш таштоо шаршемби күнү башталып, анын катышуучулары турак жай кризисин чечүү, айлык акыны жогорулатуу жана жашоо наркынын өсүшүн ооздуктоо талаптарын коюшкан.
Маалыматка ылайык, эң көп кармоо Барселона шаарында катталып, кеминде 50 адам кармалган. Нааразычылык акциясынан кийин айрым катышуучулар дүкөндөрдүн айнектерин талкалап, таштанды контейнерлерин өрттөп, полиция кызматкерлерине ар кандай буюмдарды ыргытышкан.

Мындан тышкары, Мадридде 15, Баск аймагында 16, Валенсияда 5, Малага жана Альмерия шаарларында төрттөн, Гранадада үч, Саморада эки адам кармалган. Башка бир катар аймактарда да кармоолор болгон.
Белгилей кетсек, жалпы улуттук иш таштоо Испанияда 29-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого үч жумага жетпеген убакыт калганда өттү.