Бишкек шаарында өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын алдамчылык жолу менен ээлеп алган деп шектелген 1989-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын октябрь айында арыз ээси Москва шаарында жүргөн жаран менен 9 унааны жеткирүү жана кийин сатып алуу боюнча оозеки келишим түзгөн. Ал акча каражатын берген, бирок унааларды жеткирүү жана сатуу боюнча милдеттенмелер аткарылган эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Учурда тергөө амалдары уланып жатканы айтылды.