Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 68-чакырымындагы “Токмок-Автожол” (Дунларов атындагы) өткөрмө пунктунда жөө жүргүнчүлөр үчүн жер астынан өтмөк куруу иштери башталды.
Транспорт министрлиги маалымдагандай, курулуш иштери кечээ, 15-ноябрда башталып 15-декабрга чейин аяктоо пландалууда. Долбоор аталган министрликтин каржылоосу менен ишке ашырылууда.