Биз социалдык тармакта

Пхукетте 100дөн ашык мотоцикл күйүп, тилсиз жоодон 11 адам каза болду (видео)

Бүгүн, 16-ноябрда Пхукеттин Патонг районунда мотоциклдерди ижарага алуу жана сатуу пунктунан өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, имараттын биринчи кабатында 100дөн ашык мотоцикл күйүп, кырсыктын кесепетинен 11 адам каза болуп, 36 адам жаракат алды.

Каза болгондордун көбү түтүнгө уулануудан улам көз жумганы маалым болду. Өрттөн чыга албай калагандардын сөөктөрү үчүнчү жана бешинчи кабаттардан табылганы айтылды.

Алдын ала малыматтарга караганда, өрттүн чыгышына жакын жердеги электр мамысындагы кыска тутануу себеп болушу мүмкүн. Учурда кырсыктын так себеби аныкталууда.

Пхутетте 100дөн ашык мотоцикл күйүп, тилсиз жоодон 11 адам каза болду (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан