Кыргызтандын Улуттук банкы бүгүн, 16-ноябрдан тартып "Кыргызстандын жаратылышы" сериясындагы "Өрүкзар" аттуу күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, монетанын номиналы 10 сомду түзөт. Ал 925 үлгүсүндөгү күмүштөн жасалып, түстүү басып чыгаруу технологиясы менен кооздолгон. Жалпы 1000 даана чыгарылат. Монетанын бир бетинде гүлдөгөн өрүк бутагы, экинчи бетинде бышкан мөмөлөрү чагылдырылган.
"Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 8220 сом баасында иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин сатылат",- деп кошумчаланды маалыматта.