Бүгүн, 16-ноябрда саат 09:30га карата Түп - Кеген унаа жолунда кар тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда аталган аймакта кар жаап, кардын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жеткендигин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган жолдо каттам бар.
"Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолду кардан тазалоо жана унаалардын коопсуз өтүүсүн камсыздоо иштерин түнү менен улантууда. Айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты азайтууга жана жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат",- деп билдирди министрлик.