Биз социалдык тармакта

"Бөлүп төлөө жолу менен унаа алып берем" деген шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унааны алып берүүнү убада кылып, жарандан ири суммада акча алган. Бирок акча каражатын алгандан кийин унааны бербей, байланышка чыкпай койгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан