Биз социалдык тармакта

Бишкекте 200 миңден ашык жоогазын отургузулууда

Бишкек шаарында жоогазындарды күзгү отургузуу иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада голландиялык сорттогу, 5 түрдүү түстөгү 207 миң 500 түп жоогазын отургузулууда. Алар райондор боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • Биринчи Май району — 70 миң түп;
  • Ленин району — 60 миң түп;
  • Октябрь району — 50 миң түп;
  • Свердлов району — 27 миң 500 түп.

"Жоогазындар 2027-жылдын март–апрель айларында гүлдөп, Бишкекке өзгөчө кооздук тартуулайт", - деп кошумчаланат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан