Биз социалдык тармакта

Чүйдө мыйзамсыз орнотулган жарнама такталарына рейд жүрүүдө

Чүй облусунда жарнама такталарынын мыйзам талаптарына ылайык орнотулушун көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында жарнама такталарынын жайгашуусу текшерилип, соода түйүндөрүнүн жана ишкердик объектилеринин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле жарнама такталарын уруксатсыз орнотууга жол бербөө, жол белгилеринин көрүнүшүнө тоскоолдук жаратпоо жана белгиленген талаптарды сактоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө.

Рейддик иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана аймактын көрктүү көрүнүшүн камсыз кылуу максатында улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан