Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө автожолун реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Транспорт министрлиги билдирди.
Долбоорго ылайык, 55 чакырым жол жаңыланып, туурасы 16 метрге чейин кеңейтилет.
Учурда 8 чакырым тилкеге асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Жалпысынан жолго калыңдыгы 15 сантиметр болгон эки катмар асфальт төшөө каралган.
Курулуш иштерине 140ка жакын жумушчу жана 45ке жакын атайын техника тартылган. Ошондой эле асфальт өндүрүүчү завод иштеп жатат.
Жолдун курулушу жана жумуштардын сапаты Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.