Франциянын полициясы 17-октябрда баалардын өсүшүнө каршы демонстрациялардан кийин башталган башаламандыкта жалпысынан 7 миңден ашык жаран кармалганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда өлкөнүн юстиция министри Жеральд Дарманен парламенттик комитетте билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, бардык дем алыш күндөрү өткөн акцияларда 7184 адам кармалды. Алардын ичинен 2661и жаш өспүрүмдөр болсо, калган 4523 жашы жеткендер.
Учурда 3 миңден ашык кылмыш иши козголуп алардын 2300ү сотко жеткени маалым болду.
Эске салсак, Францияда нааразычылык акциялары сентябрь айынын аягынан бери уланууда. Алгач мектеп окуучулары мугалимдердин жетишсиздигине жана окуу жайлардын начар абалына нааразы болуп көчөгө чыгышса, аларга октябрда айлык акыны көтөрүүнү талап кылып кесиптик кошуундар кошулганы белгилүү.