Кара деңизде дрондордун чабуулуна кабылган Грециянын газ ташуучу кемеси чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда, чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, кеме Египеттен Румынияга 3 миңден ашык тонна суюлтулган газ ташып бара жаткан. Ал учурда, кемеге төрт учкучсуз учуучу аппарат чабуул жасаган.
Окуя Болгариянын жээгинен болжол менен 100 чакырым алыстыкта болгон. Кеменин бортунда Филиппиндин 19 жараны болгон, алар куткаруучу кайыкка түшүп, тик учак менен Болгариянын Варна шаарына жеткирилди.