Биз социалдык тармакта

Кыргызстандагы жолдордун канчасы асфальтталган? Министр түшүндүрдү (видео)

Кыргызстанда жалпы 35 миң чакырымга жакын автожол бар. Анын 19 миң чакырымдан ашыгы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда транспорт министри Талантбек Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, 19 миң чакырымдын көбү асфальтталган, калганы шагыл жолдор. Шагыл жолдордун басымдуу бөлүгү айылдарга жана жайыттарга баруучу жергиликтүү маанидеги 4-5-категориядагы жолдор.

"Президенттин тапшырмасы бар. Жыл сайын кеминде 1,5-2 миң чакырым жол куруп, асфальттап отуруп, акырындап бардык жолдорду асфальттап бүтүшүбүз керек",- деди министр.

Ал өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана асфальттоо иштери улантыларын белгиледи.

Кыргызстандагы жолдордун канчасы асфальтталган? Министр түшүндүрдү (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан