
Ош шаарында коомдук тартипти сактоого чакырган жарандарды ур-токмокко алган 4 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-ноябрда саат 01:00 чамасында Төлөйкөн кичи районунда 33, 34, 28 жана 32 жаштагы жарандар мас абалында ызы-чуу салып, тынчтыкты сактоого чакырган 3 жаранды ур-токмокко алышкан.
Аталган окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, жабырлануучуларга тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган. Коомдук тартипти бузган жарандардын кыймыл аракетине юридикалык баа берилери маалыматта кошумчаланат.
Эскерте кетсек, буга чейин жабырлануучулардын бирөөсүнүн жубайы бир нече адам жолдошун сабаганын айтып, тиешелүү органдарга чара көрүүнү
өтүнгөн.