Эртең, 19-ноябрда Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун базасында вакциналарды сактоого арналган жаңы кампа ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, имарат 9,6 миллион сомдон ашык инвестициянын эсебинен курулган.
"Эки кабаттуу кампа вакциналарды муздак чынжырдын талаптарына ылайык, заманбап шарттарда сактоого жана аларды борбор калаадагы медициналык мекемелерге үзгүлтүксүз жеткирүүгө мүмкүндүк берет",- деп кошумчаланат маалыматта.