Эртең, 19-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында түнкүсүн абанын табы +2…+4, күндүз +20…+22 градус болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22;
- Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21;
- Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;
- Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +8…+13 градус болот.