Чүй облусундагы үч курулуш объектинде мыйзам бузуулар аныкталып, жооптуу компанияларга жалпы 635 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү Кара-Жыгач конушундагы 12 кабаттуу комплексте, Байтик жана Беш-Күңгөй айылдарындагы төрт жана беш кабаттуу турак үйлөрдө жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө курулуш ченемдери, мыйзам талаптары жана коопсуздук эрежелери бузулганы аныкталган.
Жыйынтыгында "СК Моноблан", "Нур Глобал строй" жана "БРК Байтик" жоопкерчилиги чектелген коомдоруна мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилип, айып пул салынды.