Биз социалдык тармакта

ӨКМ Кызыл-Ой айылындагы мектептен чыккан өрт чектөөгө алынганын билдирди

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы мектептен чыккан өрт саат 10:20да чектөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 08:48де Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылды. Кошумча күч катары саат 08:55те Жумгал райондук №43 өрт-куткаруу бөлүмүнөн дагы бир бөлүм жөнөтүлдү.

Жалпысынан эки өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп, саат 10:20да өрт чектөөгө алынган.

Учурда аны толук өчүрүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан