MBANK MBusiness’теги «Миллиондор үчүн оюн» акциясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Байгелерди MBusiness’ти колдонгон жеке ишкерлер жана компаниялар алышты.
Биринчи этаптын башкы байгеси — 1 млн сомду Назгүл утуп алды. Алгач ал өзүнүн жеңишине дароо ишене алган эмес.
«Мындан 14 жыл мурун чакан дүкөн ачып, кийин жеке ишкер катары катталгам. MBusiness’ке эки жыл мурун кошулуп, ошондон бери колдонуп келем. Утуп алганыма азыркыга чейин ишене албай жатам! Уткан акчамды дүкөнүмдү кеңейтүүгө жумшагым келет. Бардык ишкерлерге акцияга катышууну сунуштайм», — дейт Назгүл.
Биринчи этаптын калган жеңүүчүлөрү «МБИЗНЕС» деген сөздү чогултуп, ар бири 200 миң сомдон алышты. Алар ар кандай тармактарда иш алып барышат: коомдук тамактануу жайда, базарда жашылча сатуу, Жалал-Абад шаарындагы аялдардын кийим дүкөнү, тышкы жарнама өндүрүшү, башкаруучу компания, көмүр сатуу жана азык-түлүк импорттоо.
Акция кандай өтөт?
Эрежелери жөнөкөй: катышуучулар MBusiness’те бизнес операцияларын жүргүзүп, алар үчүн тамгаларды алып, «МБИЗНЕС» же «МИЛЛИОН» деген сөздөрдү чогултушат. Сөздү биринчи болуп чогулткан катышуучу акчалай байгеге ээ болот.
Тамгалар төмөнкү операциялар үчүн берилет:
Ар бир операция үчүн минималдуу сумма жана күнүмдүк чектөөлөр белгиленген. Тамгалардын саны чектелүү.
Акция үч этапта өтөт:
Ар бир этаптын аягында, саат 23:59да, топтолгон бардык тамгалар жокко чыгарылып, жаңы этап нөлдөн башталат.
Ар бир этапта бир жеңүүчү 1 млн сом алат. Демек, акциянын жүрүшүндө үч катышуучу миллионер боло алат. Мындан тышкары, ар бир этапта дагы 20 ишкер 200 миң сомдон утуп алышат. Жалпысынан мындай 60 байге ойнотулат.
Акциянын толук шарттары жана эрежелери менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.
MBusiness’те бизнес операцияларын жүргүзүп, акциянын сөздөрүн чогултуңуз — балким, кийинки байге дал сизге буюрат!
MBANK — биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!
КРУБ №014 лицензиясы.