Биз социалдык тармакта

Өзгөндө оюнчук тапанчаларды сатууга аракет кылган жаран аныкталды

Ошто ок атуучу куралга конструкциялык жактан окшош буюмдарды сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.

Маалым болгондой, 20-ноябрда социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда, куралга окшош белгисиз тапанчаларды сатууга аракет кылган.

"Бул факт боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөгө чейинки текшерүү башталып, 1995-жылы туулган Т.А. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Алынган буюмдарга экспертиза дайындалып, алдын ала маалымат боюнча, алар кыйратуучу таасири чектелген найсыз ок атуучу куралдар болушу мүмкүн", - деп билдирди мекеме.

Учурда тапанчалардын келип чыгышын аныктоо боюнча текшерүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан