Бишкекте чет элдик BMW унаасынын айдоочусу жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябра Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин, социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу, кайгуул кызматы текшерүү жүргүздү.
Жыйынтыгында, унаасынын айнектерин мыйзамсыз караңгылатканы үчүн, ошондой эле транспорт каражатын каттоо эрежелерин бузганы аныкталды.
Айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлдү.