Биз социалдык тармакта

Алайда 37 жаштагы жаран аялын сабап өлтүрүүгө шектелүүдө

Бүгүн, 21-ноябрда Ош облусунун Алай районунда аялын сабап өлтүрүүгө шектелген 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 20-ноябрдан 21-ноябрга караган түнү болгон.

"1989-жылы туулган М.Б. аттуу жаран үйүндө мас абалында 1990-жылы туулган жубайы К.А. менен пикир келишпестиктен улам уруша кетип, аялы сабалып коз жумду. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жубайлар буга чейин үй-бүлөлүк пикир келишпестиктер боюнча милицияга кайрылышкан эмес", - деп кошумчалнды маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан