Биз социалдык тармакта

Бишкекте Дене тарбия жана спорт академиясынын жаңы имараты курулууда (видео)

Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын заманбап спорт комплекси курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, жалпы аянты 12 миң чарчы метрди түзгөн комплексте олимпиадалык стандарттагы жабык бассейн, машыгуу бассейни, 560 орундуу көрүүчүлөр трибунасы жана бир катар спорт аянтчалары каралган.

"Курулуш иштерин "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүлүп, Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда. Учурда котлован казуу иштери аяктап, бетон куюу иштери уланууда. Долбоордун ишке ашырылышы өлкөдөгү спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана келечектеги спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган", - деп кошумчалады мекеме.

Жаңы заманбап спорт-комплекси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан