Бишкекте эки балалуу келин менен жаңжалдашкан такси айдоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда шаардык милиция билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармактарда таксист жана келиндин жаңжалдашып жаткан видеосу тараган. Айдоочу коомдук жайда адепсиз сөздөрдү айтып, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөткөн.
Маалыматка ылайык, бул факты боюнча ички иштер башкармалыгында текшерүү иштери жүргүзүлүп, 1994-жылы туулган М.А. аттуу жарандын өздүгү аныкталып, милицияга жеткирилди. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча чара көрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болду.