Ысык-Көл ОИИБинин демилгеси менен 10-майда Каракол шаарында “Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы” деген ураан астында веложүрүш болуп өттү. Ага Каракол шаарындагы ЖОЖдордун студенттери жана орто мектептердин окуучулары катышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алууга, жаштарга туура түшүнүк берүүгө багытталган акцияга 150гө чукул окуучу жана студент катышты. Алар Караколдун бардык борбордук көчөлөрүн басып өтүштү. Акция жыйынтыкталар алдында катышуучулар уюштуруучулардын колунан эстеликке белектерди алышты.