Ош шаарынын ИИББи жарандарды Түштүк аймагы жана Ош шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Т.Шоноевдин өлүмүнүн бетин ачууда жарандарды кызматташууга чакырат. 11-январь күнү Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда өз үйүнүн алдында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Окуяга байланыштуу Ош шаарынын ИИББи жарандардан бул оор кылмыштын бетин ачууда кызматташууну суранат. Бул кылмыш боюнча кандайдыр фактыны билген жарандарды 0 3222-5-71-81 же 102 ишеним номерине билдирүүнү өтүнөт.