Колумбиянын Нобса шаарында өзгөчө футбол оюну болуп өттү. Анда топ тебүүгө үйрөтүлгөн койлордон түзүлгөн "Колумбия" жана "Бразилия" курама командалары оюн талаасында топ тээп, гол киргизип, кадимкидей футбол ойношту. Жыйынтыгында колумбиялык койлор 4:3 эсебинде "Бразилия" курама командасын жеңип алышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, бул оюн Колумбияда 16 жылдык тыныгуудан кийин, 12-июнда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна карата уюштурулган. "Койлор эки өлкөнүн футболчуларындай болуп кийиништи. Тагыраак айтканда, Колумбиянын командасынын намысын коргогон он оюнчу кой сары майка жана кызыл чолок шым кийип ойношту. Ал эми алардын каршылаштары 12-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөргөнү жаткан Бразилиянын желегин жамынып чыгышты. Футболчу койлор топ тебүү менен бирге анда-санда оюн талаасындагы чөптөн да жеп жатышты",- деп жазылат маалыматта.