УМККнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратура менен биргеликте Мамлекеттик геология агенттигинин мурдагы директору Учкунбек Ташбаевге дагы бир айыптоону тагып, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда УМККнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2012-жылдын 15-июнь күнү Мамлекеттик геология агенттиги “Кутиссай Майнинг” жоопкерчилиги чектелген уюмунун лицензиялык жоопкерчилиги жоктугуна карабастан, 2014-жылдын 31-декабрына чейин лицензиялык макулдашуу түзгөн. Буга аталган агенттиктин мурдагы директору Учкунбек Ташбаев кол койгон. Аталган иш боюнча 16-январда Башкы прокуратура тарабынан Ташбаевге жана анын кызматкерлерине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.