Аксы районундагы 3 айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол, Жаңы-Жол жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлерине облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери Каржы министрлиги тарабынан социалдык мекемелерди куруу үчүн берилген каражаттарды өз кызыкчылыктарына пайдаланып жибергендиги үчүн айыпталууда. Маалым болгондой, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан