"2010-жылы 7-апрелде “Форум” имаратында токмоктолгон милиция кызматкерлерин билгенде да, УКМКнын экс-төрагасы Мурат Суталинов "ок чыгарбагыла" деп буйрук берген. Бул маалыматты бүгүн, 21-январда УКМКнын “Альфа” атайын кызматынын кызматкери Сергей Цигельников 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто билдирди. “Белгисиз себептер менен мени 12-майда электр-энергиясынын кымбатаганына, уюлдук телефондогу кошумча төлөмдөргө байланыштуу айыптар менен камашты. 7-апрель күнү эртең менен “Альфанын” кол башчысы Алмазбек Жолдошалиевдин буйругу менен “Форумга” бардым, ал жерде токмоктолгон милиция кызматкерлерин көрдүм. Ошондо Мурат Суталинов "эч качан ок чыгарбагыла" деп буйрук берди”,- деп көрсөтмө берди Цигельников. “Алмазбек Жолдошалиевге Ак үйгө кирүүгө аракет кылып жаткан БТРди токтотуу тапшырмасы берилген, ошол кезде Ак үй жактан БТРди аткылады”,- деп кошумчалады ал.