Ысык-Көл. Караколдо дзюдо боюнча республикалык мелдеш соңуна чыкты

3-ноябрда Каракол шаарында спорт чебери Искен Шатеновдун жаркын элесине арналган уландар жана кыздар арасында өткөрүлгөн дзюдо күрөшү боюнча республикалык мелдеш аяктады. Бул тууралуу маалыматты КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Равиль Вахитов маалымдады. Анын айтымында, таймашка Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан балбандар катышып, алардын саны 160ка жеткен. Белгилей кетсек, кыздар арасындагы таймашта Ысык-Көл облусунан беш спортчу айым намыска бекем турса, уландар арасында да Каракол шаарынын спортчулары байгелүү орунду ээлешти. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана медалдар тапшырылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан